Ош: Отуз-Адырда окуучулар урап түшүү коркунучундагы мектепте билим алышууда

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылындагы Мамасалы Тешебаев атындагы  мектептин биринчи корпусу 1953-жылы курулган. Калган 2 имаратын  35 жыл  мурун жергиликтүүлөр өз алдынча ашар жолу менен курушкан. Андан бери мектептин эскилиги жеткен.

ӨКМ 2007-жылы мектепти авариялык абалда деп корутунду чыгарган. Обьекттин дубалдары жыл сайын урап түшүүдө. Мугалимдер өз аракеттери менен жарака кеткен жерлерин жамап, билим берүүнү үзгүлтүкө учуратышкан жок.

Эшик, терезелер дагы эскирген. Жыгач полдору чирип, түшүп кетүү коркунучунда. Аталган мектепте кышкысын окуучулар суукта билим алууга аргасыз.

Ал эми Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдымомун Зикировдун билдиришинче, мектептин жаңы имаратынын, фундаменти салынган. Бирок республикалык бюджеттен каражат бөлүнбөй курулуш токтоп турат. Жергиликтүү казынада болсо мектеп түптөөгө жетээрлик акча жок.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген