Ош: окуучулардын олимпиадасы өтөт

Ош шаарында 5-6-7-8 класстардын окуучуларынын арасында предметтик олимпиада өтөт. Сынак окуучулардын даярдыктарын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү, мыктыларды билүүгө максатталган. Ошондой эле алардын олимпиадалык тестер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн уюштурулуп жатат.

Маалыматка ылайык аталган сынакты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы уюштуруп, анда жеңип чыккан окуучулар баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышат. Ошондой эле мыкты көрсөткүч менен чыккан мектептердин иш тажырыйбасы башка билим уясына жайылтылып, ал эми начар көрсөткүчтү көрсөткөн мектептер менен иш алып баруу пландалууда.

 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz