Ош ОИИБнын башчысынын орун басары дайындалды

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматына Алмаз Балтабаев дайындалды. Бирок, учурда ал өздүк курамга тааныштырыла элек. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ал буга чейин Ош шаардык ИИБнын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

26 жылдан бери ички иштер тармагында иштеп келген Алмаз Балтабаев учурда 48 жашта. Ал буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматында орун басар болуп иштеп келген.

2018-жылы Өзбекстандын Бухара шаарында өткөрүлгөн гиря көтөрүү боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген