Ош ОИИБге жаӊы жетекчи дайындалды

Ош облустук Ички иштер башкармалыгына жаӊы жетекчи дайындалды.

2020-жылдын 26-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп жаӊыдан дайындалган милициянын полковниги Абидов Жеӊишбек Эсеналиевичти өздүк курамга тааныштырды.

Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде милициянын генерал-майору Малик Апсаматович Нурдинов ден соолугуна байланыштуу өзүнүн рапортунун негизинде Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынын бошотулуп, Ош ОИИБдин началнигинин милдетин аткаруучу болуп милициянын полковниги Абидов Жеӊишбек Эсеналиевич дайындалды.

Малик Нурдинов эки күн мурун ден соолугуна байланыштуу дарыланууга уруксат сурап рапортун жазып берген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.