Ош ОИИБ: Балдарды кароосуз калтырбаңыздар!

Сууга түшүү мезгили башталганына байланыштуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун аймагында “Балдарга кайдыгер карабайлы! Суу жээгинде балдарды кароосуз калтырбайлы!” аталышындагы алдын алуучу иш-чаралар башталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Ош облусунун бардык райондорунда жүргүзүлүүдө. Анда аталган башкармалыктын кызматкерлери ата-энелерди балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбоого чакырууда жана балдарга сууга түшүүгө кооптуу жерлерден оолак болууну түшүндүрүп, коопсуздук чаралары боюнча иш алып барышууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.