Ош облусунун Маданият айылында жаңы мектептин ачылышы болот

1-июнь күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылында жаңы мектептин ачылышы болот. Мамкурулуштан билдиришкендей, имарат 225 окучуу орунга ылайыкталган.

Азыр жеринде көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, керектүү инвентарлар жана шаймандар орнотулууда.

Мектептин курулушу өткөн жылдын январь айында башталган. Каржылоо Сауд Аравиянын өнүктүрүү фондунун насыяларынын эсебинен жүргүзүлдү.

Долбоордун болжолдуу баасы 900 миң долларды түзгөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.