Ош облусунун көк-бөрүчүлөрү жарым-финалда Бишкек курамасы менен беттешет

Бүгүн Ош облусунун көк бөрүчүлөрү Бишкек шаарынын курамы менен беттешет. Жалпысынан бүгүн жарым-финалда 2 оюн болуп, 4 команда беттешет. Азыркы учурда Талас облусунун командасы менен Чүй облусунун командасы беттешип жатат.

Буга чейин 3 тайпанын биринчи орундарын багындырган Талас, Бишкек жана Чүй облусунун командалары жарым-финалга жолдомо алышкан. Ал эми төртүнчү болуп Ош облусунун көк-бөрүчүлөрү тайпада 2-орунду алган командалар менен чүчү-кулак кармашып, жыйынтыгында Баткен жана Ысык-Көл облусунун командаларын жеңип жарым финалга чыккан.

Ош облусунун командасы менен Бишкек шаарынын курамасы бүгүн, саат 11:30да беттешет. Ал эми көк-бөрү мелдешинин финалдык бөлүгү эртең, 21-сентябрда болот.

Улуттук көчмөндөр оюндары Талас шаарында 16-сентябрь күнү башталган, 21-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген