Ош облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Видео

Ош облусунун аймагындагы жол, базар, мектеп, оорукана, мечиттерде залалсыздандыруу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укукту өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган иштер Ош облустук санитардык-эпидемиялык станциясынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана Ош облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевдин демилгеси менен 19 – мартта түзүлгөн “Демилгелүү топтор” аталышындагы жарандык активисттердин катышуусунда ишке ашууда. Учурда облус аймагындагы залалсыздандыруу иштери 87 пайызга аткарылган.

Ар бир айылда айыл башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары, жаштар уюмдары жана социалдык кызматкерлерден түзүлгөн 10 адам айыл элин  күн сайын керектелүүчү азык-түлүк менен камсыз кылуу иштерин колго алган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген