Ош облусунун аймагына 31 блок-пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор коюлду

Ош облусунун аймагында жалпысынан 31 блок-пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор коюлду. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөзү кабарлады.

Коронавирустун жайылышына жол бербөө максатында өлкө аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу 2020-жылдын 22-март күнү эрте мененки саат 7:00дөн баштап  Алай райнунда 2, Араван районунуда 3, Кара-Суу районунда 11, Кара-Кулжа районунда 3, Өзгөн районунда 3 блок пост, 2 пост, Ноокат районунда 8 блок пост жана 28 санитардык-карантиндик посттор коюлду. Жалпысынан Ош облусунун аймагында 31 блок пост жана 51 санитардык-карантиндик посттор өз ишин баштады.

Аталган посттордо милиция кызматкерлери менен медицина кызматкерлери жумуш алып барышууда.

Посттордун негизги тапшырмасы коронавирус менен ооругандарды аныктоо, оорулуулар менен байланышкандарды тактоо жана ооруну башка жакка жугузуп алуу коркунучуна бөгөт коюу.

“Бул иш чаралар жарандарыбыздын ден соолугу үчүн кам көрүлгөн иш-чаралар. Бүгүндөн баштап жарандар өздөрү жашаган аймактан сыртка чыгууга чектөө киргизилет. Ошондуктан жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Албетте эркин жүрүүгө чек коюу ар бир жаранга жага бербесин түшүнүп турабыз. Бирок жалпы калкыбыздын  ден соолугу үчүн ушундай кадамдарга барууга туура келүүдө. Азык-түлүк жана дары-дармек, ошондой эле жашоого заарыл болгон товарларды ташыган ишкерлердин ишине тоскоолдук жаратылбайт. Убактылуу ыӊгайсыздык жараткандыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз”,-делет маалыматта.

 

Бүгүн коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген