Ош облусундагы мектеп, бала бакчалардын санитардык абалы жакшыртылууда

Ноокат районунун Найман айылындагы оңдоп-түзѳѳгѳ муктаж эски бала бакчада 120дай бѳбѳк тарбияланат. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси орус тилдүү болгондуктан, жакалаш жайгашкан 4 айыл аймактан балдарын алып келишет. Анткен менен бакчага суу тутуму киргизилген эмес, ички даараткана жана кол жуучу ыңгайлуу шарттар жок. Бириккен Улуттар Уюмунун долбоору аркылуу учурда кичи гранттардын негизинде бала бакчага суу түзүмүн киргизүү жана антисептик куруу иштери башталды.

Бул долбоор 2016-жылы баштады. Бизди пилоттук айыл аймак катары тандап алышты. Айыл өкмөтүбүз дотациясында турат. Бул долбоордун ѳзгѳчѳлүгү – комплекстүү интеграциялап өнүктүрүү болуп, жергиликтүү башкаруу коомчулук менен бирдиктүү өнүгүүгө багытталып, айылды өнүктүрүүгө багытталган  туруктуу стратегиялык пландары иштелип чыкты. Бул план  айылдык аймакты туруктуу ѳнүктүрүүнү камсыз кылууга жана стратегиялык багыттарды аныктоо  өбөлгө түзөт. Өзгөчө ичүүчү жана сугат суу маселелеринде көйгөйдү так аныктоо жана ар кандай булактардан каражат табууну пландоого мүмкүнчүлүк түзүлдү”, – дейт  Ноокат районунун Найман айыл аймагынын башчысы Роза Шамаева.

Ушул сыяктуу 30 пилоттук айылда мектеп жана бала бакчаларга ажатканаларды куруу, суу түзүмдѳрүн тартуу, сууну зыянсыздандыруучу жабдыктарды орнотуу боюнча дагы 37 кичи гранттар берилди. Зарыл акчанын 20%дан кем эмес бѳлүгүн айыл ѳкмѳттѳр өздөрү каржылап, тургундар болсо куруу иштерине кѳмѳктѳшүүдѳ.

2017-жылы долбоордун экинчи багыты Борбордук Азия суу боюнча альянсы коомдук бирикмеси менен биргеликте ишке ашырылып жатат. Анын  алкагында 3  райондун  30 пилоттук айылында 38 айылдык мектеп, бала бакча жана кичи суу системаларындагы санитардык абалды жакшыртылды.  Гранттык колдоо суммасы  5000 АКШ долларын түзгөн кичи долбоорлор тандалып алынып , долбоор жергиликтүү бийлик, жамааттар менен чогуу ишке ашырылып жатат.

Орусиянын Трасттык фонду аркылуу каржыланган  БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) колдоосундагы “Кыргызстандагы Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү” биргелешкен долбоору аркылуу элет жеринде алгылыктуу иштер аткарылууда.

 

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.