
Бүгүн 10-октябрь күнү саат 07:48де Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- 10.10.2018