Ош облусунда пахта терүү иштери башталды

Ош облусунун аймагында быйыл пахта терүү иштери он беш күн мурун башталды. Күндүн жакшы ысышынын түшүм эрте даяр болуп, дыйкандар пахтаны эрте жыйнашууда. Ошондой эле суук түшкөнгө чейин дыйканчылык иштерин аягына чыгарууга аракеттенип жатышат.

Облустун Араван жана Кара-Суу райондорунда жалы 9 миң 94 гектар аянтка эгин эгилген. Учурда эки райондо тең жапырт пахта терүү жүрүп жатат. Түшүмдүн алгачкыларын жеке менчик заводдор кабыл алып жатышат. Бирок ак алтындын наркы анык эмес. Баа октябрь айында гана аныкталат.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Маматжалил Токторбаевдин айтымында, дыйкандарга пахтаны сатуу үчүн жергиликтүү бийлик шарт түзгөн. Алар пахтачылардын ассоциациясын түзүп, ар бир дыйканга эгинди сатуу үчүн маалымат берип турушат. Аны менен бирге сырттан кызматташууга келген фирмалар менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Белгилей кетсек, жылдан-жылга облуста пахта аянттары кеңейип жатат. Өткөн жылы 7 миң гектарга ак алтын эгилсе, быйыл 2 миң гектарга көбөйгөн. Анткени жылдан-жылга ак алтынга болгон баа көтөрүлүп жатат. 2013-жылдары бир килограмм пахта 34 сомдун тегерегинде болсо, өткөн жылы 43-44 сомго жеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген