Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 1500дөн ашуун орун даярдалды

Ош облусунда күндүзгү стационар үчүн 1500дөн ашуун орун даярдалды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөттүн  Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Нуркыз Кадырбекова кабарлады.

Аталган жайлар пневмония оорусу менен ооруган жарандарга ооруканаларда орундуктар жетпей калса, медициналык жардам көрсөтүү максатында пайдаланылат.

“Буга чейин эле облустун аймагында обсервация үчүн 1 910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда изоляция үчүн 730 керебет даяр, учурда илдетти жуктуруп алгандар дарыланып жатат”, – деди Кадырбекова.

Учурда Алай районунда – 100, Кара-Кулжа – 106, Кара-Суу районунда – 190 , Өзгөн районунда – 220 , Чоң-Алай районунда – 100, Араван районунда – 45, Ноокат районунда – 435  керебеттүү күндүзгү стационар даяр жана алгачкы бейтаптар жардам алууда.

Сутка ичинде вирустан 13, пневмониядан 44 бейтап каза болду

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.