Ош облусунда баасы 8 млн сомдон ашык мал жоголгон

Быйыл, 11 ай ичинде, Ош облусунун аймагында жарандардан мал уурулук боюнча 168 арыз түштү. Анда жалпысынан 460 баш мал (8 млн 286 миң 700 сомдук) жоголгондугун билдиришкен. Анын ичинен 148нин бети ачылып (88%) жалпысынан 266 баш мал (5 млн 342 миң 700 сомдук) ээлерине кайтарылган. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Тактап айтканда, 246 бодо мал уурдалып, анын 127 ээсине кайтарылган, жылкы 81 баш уурдалса, анын 56 табылган. Майда жандык 103 баш жоголсо 84 ээлерине кайтарылган.

Учурда 20 арыз боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Жалпысынан 194 баш мал табыла элек. Алардын ичинен  бодо мал – 119, жылкы – 25, майда жандык – 19.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген