Ош облусунда ажыга баруу үчүн миңге жакын адам каттоодон өттү

Ош облусунда 8-февралга карата ажыга баруу үчүн миңге жакын адам каттоодон өттү. Кара-Суу районунан 435, Ноокат районунан 265, Өзгөн районунан 189, Араван районунан 70, Чоң-Алай районунан 20 адам катталып, электрондук базага киргизилди. Бул тууралуу Ош облустук мусулмандар казыятынын адиси Акжол Бакиров билдирди.

Алай жана Кара-Кулжа райондорунан жалпысы 10го чукул адамдын документтери даяр болуп, электрондук каттоого киргизүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле облус боюнча жалпы 100дөн ашуун адамдын документтери даярдалып, каттоого тапшыруу алдында турушат.

Каттоо иштери облустун жети районундагы мечиттерде жүрүп жатат. Атайын окуудан өткөн 8 адис иш алып барууда. 23-февралда каттоо токтотулат“, – деди Бакиров.

Кошумча маалымат алуу үчүн 0(312) 48-61-67, 0778, 0558, 0708- 48-61-67 номурларына кайрылышса болот.

Сүрөт: Muftiyat.kg

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген