Ош облусунда 9-классты бүтүргүндөрдүн 30%ы билим алууну улантпайт

Былтыр Ош облусу жана шаарында 9,5 миң окуучу 9-классты аяктаган. Алардын 30%ы билим алууну уланткан жок. Мекенинде оор жумушка тартылып же миграцияга чыгып кетип жаткан  жалпы орто билимдүүлөрдүн санынын өсүшү кийин чоң көйгөй жаратарын агартуучулар белгилейт. 

Аты-жөнүн айткысы келбеген кыз 9-классты бүтүргөн бойдон Кара-Суу базарында иштеп жүргөнүп айтып отурду. Үйдө шарт болсо, азыр 10-класста окумакмын деп арман кылат.

“Азыр ата-энеме жардам берип, базарда иштейм. Мага окшоп же колледж, же университетке тапшырбай калгандар көп. “

Ош облусунда өткөн жылы 7706  окуучу мектепке кайткан эмес. Алардын 3767си колледждерге жана кесиптик лицейлерге тапшырганы менен, 3840 окуучу түрдүү иштер менен алектенип, окуусун улантуудан баш тарткан. Адистердин айтымында мындай тенденция  базар жана дыйканчылык менен алектенген райондордо өзгөчө байкалат.

Ал эми  Ош шаарында 4 236 окуучу 9-классты аяктап, кайра 2 509 окуучу 10-класска келген. 1 717 окуучу болсо ар түрдүү себептерге байланыштуу мектепте окуудан баш тарткан.

“Базарга жакын жердегилер ата-энесине жардам берип, базарга чыгышы мүмкүн. Же дыйканчылык кылышат. 320 окуучу миграцияга кеткен”, –  дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Абдыкалык Акжолов.

Азырынча билим берүүгө жооптуу адистер түшүндүрүу иштери менен гана чектелүүдө. Алар май айынан тарта кесиптик багыт берип, мониторинг жүргүзүүгө киришмекчи.

Кыргызстанда мектепте билим берүү  баштапкы жалпы  (1-4-класс), негизги жалпы (5-9-класс) жана орто жалпы (10-11-класс) болуп үчкө бөлүнөт. 9-класстан кийин окуучулар 10-класска келсе болот же эмгек рыногуна чыгып, болбосо кесиптик билим алса болот. Кыргызстанда атайып кесиптик билим берүү боюнча 131 мекеме иштейт. алар бүтүрүүчүлөрүн 100 адистикке даярдайт.

Текст: Чынарбек Алипбеков

Видео: Тилек Адинабеков 

Сүрөт: iwpr.net

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген