Жылкыбаев: жер тилкесине муктаждар көп, бирок жер аз

Ош облусунда турак жай салуу үчүн жер тилкесин алууга кезекте тургандардын саны 40 миңден ашуун. Бул туурасында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев “Өңүт” программасында суроолорго жооп берип жатып билдирди.

“Бүгүнкү күндө жер маселеси өтө көйгөйлүү болуп жатат. Жерге муктаждар көп, бирок жер аз. Ошондуктан биз келечекте көп кабаттуу үйлөрдү салууну пландап жатабыз. Бул максаттар ишке ашып калса, турак жай маселеси чечилип калат”- деди Жылкыбаев.

Буга чейин, Ош шаарына жакын Аачы жана Кен-Сай массивдеринен муктаждарга жер тилкелери берилген. Бирок, турай жай салып жашагандар аз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген