Ош облусунда 271 эне “Баатыр-Эне” ордени менен сыйланды

Министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов Ош облусундагы көп балалуу энелерге “Баатыр Эне” орденин жана “Эне-Даңкы” медалын тапшырды.

Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан билдиришти.

“Бала тарбиялоо, аны чоңойтуу оңой эмес жана жоопкерчиликтүү экенин баарыбыз билебиз. Көп балалуу энелерге мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, ар дайым колдоого алынып келет. Баарыңыздарга ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Тарбиялап өстүрүп жаткан уул-кыздар келечекте элибизге жана мекенибизге ак кызмат кылуусуна ишенем”,-деп белгиледи облус башчысы.

Быйыл Ош облусу боюнча 271 эне “Баатыр-Эне” ордени, 108 эне “Эне-Даңкы” медалы менен сыйланды. Облуста жалпы 5 миң 230 көп балалуу үй-бүлө бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.