Ош облусу окуучулардын билим деңгээли боюнча артта

Ош облусунун билим деңгээли башка региондорго салыштырмалуу төмөн. Мындай жыйынтыкты Жалпы республикалык тестирлөөнүн, олимпиаданын көрсөткүчтөрү жана билим берүү боюнча көз карандысыз изилдөөлөр тастыктайт.

Билим берүү боюнча адис Кеңешбек Сайназаров Ош облусунудагы окуучулардын билим деңгээлинин төмөндүгүнүн ЖРТ жана олимпиаданын жыйынтыктарынан тышкары да бир топ себептери бар экендигин белгилейт.

“ЖРТ менен олимпиадалык көрсөткүчтөрдөн башка себептер да облустун билимин жакшыртууга тоскоол болуп жатат. Биринчи себеби – башка облустарга салыштырмалуу Ош облусу ар түрдүү жерлерди камтыгандыгында: айылдар шаар, районго жакын жайгашкандыктан, мектеп жашындагы балдар иштеп, окууга анча көңүл бура албай калышат.

Экинчиден, Ош облусунун демографиялык өзгөчөлүгү да таасирин тийгизет. Облустун аймактарындагы өзбек, тажик жана орус улутундагы окуучулар өздөрүнүн тилинде билим алышат. Аягында кыргыз жана орус тилинде гана ЖРТ, олимпиадалардан өтүшөт. Бул учурда, албетте, кыйынчылыктар пайда болуп, жалпы жыйынтыкка терс таасирин берет”.

 

Жалпы республикалык тестирлөөнүн акыркы 5 жылдагы жыйынтыгы:

Региондор 2017 2016 2015 2014 2013
Жалал- Абад 112.0 108.8 106.7 98.0 101.9
Баткен 110.5 107.7 107.6 97.3 100.3
Нарын 113.3 111.2 111.9 101.5 104.9
Ысык- Көл 116.0 114.5 114.4 105.0 108.8
Талас 114.9 113.5 111.2 101.2 102.9
Чүй 117.8 114.7 116.2 105.3 109.4
Ош облусу 108.4 104.6 101.8 93.8 97.7
Бишкек 132.5 131.4 129.1  119.3 129.3
Ош шаары 118.2 118.0 116.1 105.9 113.9

 

Ош облустук билим берүү институтунан билдиришкендей, облустун билим деңгээлинин төмөнкү көрсөткүчтө турушуна мугалимдердин жетишсиздиги же башка себептери болушу мүмкүн эмес.

“Облустагы мектептерде болгону 44 мугалим жетишсиз. Демек, силер айтып жаткан маселенин себеби бул эмес. Облустагы миграция да деңгээлди түшүрүп жаткан жок, анткени миграция бизде эле эмес, бүтүндөй өлкөдөгү көрүнүш.

Облусту артка тарткан бир гана себеп бар. Республикада 7 облус, 2 шаар, жалпы 9 регион болсо, анын  8инде кыргыз- түрк лицейлери бар. Бир гана Ош облусунда жок. Республикадагы олимпиадалык орундардын 50%ын кыргыз- түрк лицейлери алса, калган 50%ын мамлекеттик сектордогу мектептер алат. Мына ошондуктан, Ош облусу артта калып кетет”,- дейт Ош облусундагы мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директорунун орун басары Артыкбаев Асан Бакирович.

Аталган институттун изилдөөсүнө таянганда, ЖРТ жана олимпиадалык жыйынтыктар кыргыз- түрк лицейлеринен тышкары чыгарылса, анда Ош облусу өлкө боюнча 3-орунда турмак.

Республикалык олимпиаданын 2017- 2018-жылкы жыйынтыгы:

Региондор 1-орун   2-орун   3-орун   
Бишкек шаары  2  7  5
Ош шаары  4 1  2
Чүй облусу  2 1  3
Ош облусу  0 1  1
Нарын облусу  3 1  0
Талас облусу  1 2  3
Жалал- Абад облусу  1 1  0
Ысык- Көл облусу  2 1  1
Баткен облусу  2  3

 

Кыргыз- күрк лицейинин жоктугуна карабай, Ош облусунун билим берүү сапатын көтөрүш үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тынымсыз аракеттерди жүргүзүп жаткандыктарын билдиришет. Окутуучулардын билимин өркүндөтүү максатында атайын семинарларды жана окуу курстарын өткөрүп турушат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген