Ош облустук төрөт үйү заманбап жабдуулар менен камсыз болду

Ош облустук төрөт үйүнүн реанимациялык бөлүмүнө Жапон элчилиги жана ЮНИСЕФ тарабынан айына жетпей жана тубаса кемчилиги менен төрөлгөн балдар үчүн жандандыруу жана жасалма дем алдыруучу көп функционалдуу заманбап жабдуулар берилди.  Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук төрөт үйүнүн башчысы Гүлбара Кенжебаева билдирди.

Анын айтымында, бул жабдуулар мындан ары ара төрөлгөн балдардын арасындагы өлүмдүн алдын алат.

“Жаңы келген аппараттар жаңы төрөлгөн наристелерди багуу, дартын аныктоо жана дарылоо үчүн колдонулат. Жамаатыбыз үчүн бул жакшы жышаан болду. Наристелердин ден-соолугу үчүн бул аппараттар маанилүү болчу”-, дейт ал.

Төрөт үйлөрүнүн техникалык базасын чындоо иштери уланып, июнь айынын соңунда Баткен, Жалал-Абад облустарына атайын медициналык жабдуулардын берилүүсү каралган.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген