Ош облустук китепканасындагы кылым карыткан китептер

Кылым карыткан, эң баалуу жана сейрек кездешүүчү китептер Ош облустук китепканасында сакталат. “Бул китептер – биздин сыймыгыбыз, билим кенибиз” деген китепкананын кызматкерлери эң эски китептер тууралуу айтып беришти.

Бир кылымдан ашык сакталган китептердин колго илешээр эч нерсеси деле калбагандыр деген ойдо барган элек. Бирок таза жерде,сапатын жоготпой жакшы сакталып турган китептерди көрүп кызматкерлерине ыраазычылык билдирдик.

Көрсө, китептердин сапатын кетирбей сактап, узак жашоосуна дагы кызматкерлер кам көрүшөт экен. Китептер 19-20 градус температурада сакталат. Андан тышкары, кызматкерлер күнүгө чаңдарын аарчышып, таза абада желдетип, чычкан, курт-кумурскаларга каршы дарыларды чачып турушат . Ошондой эле оңдоп-түзөө иштерин да тез-тез өткөрүп, өздөрү айткандай китептердин “ооруканасынан” көзөмөлдөн өткөрүп турушат.

“Биздеги эң эски  китеп 1900-жылы чыгарылган. Бул китеп турушу менен баалуу. Мында Корея республикасы тууралуу билгиси келген окурмандар үчүн өтө керектүү маалыматтар бар. Корейлердин тарыхы, басып өткөн жолу, өнүгүшү жазылган. Менин китепканага келгениме 40 жылдын жүзү болду.  Андан бери канчалаган окурмандар келип окуп кетишти. Муну менен бул китеп канчалык баалуу экендигин, өзүнүн ичине канчалаган билимди камтып тураарын көрүүгө болот. Мындай улуу китептер менен биз сыймыктанабыз”,- дейт Рахима Махмудова.

1900-жылдары чыгарылган китептер окулабы же экспонат катары сакталып турабы деген сурообузга китепкана кызматкерлери каткыра күлүп: “Ой, 300дөн ашуун китепти сактап олтуруп эмне кылабыз? Тескерисинче, окурмандарга өзүбүз сунуштайбыз, окугула деп. Жаштардын келечегине жараса экен дейбиз да”,- деп жооп беришти.

Кылым карытып, аздектеп сакталган китептерде бир гана Кыргызстан эмес, дүйнө элинин тарыхы, маданияты, адабияты жана экономикасы камтылган. Ошондой эле энциклопедиялары да бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.