Ош облустук ички иштер башкармалыгында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Кечээ, 20-январь күнү Ош  облустук ички иштер башкармалыгында 2019-жылдын 12 ай ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, коомдук коопсуздукту сактоо боюнча ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн  жыйынтыгы чыгарылды.

Кеңешмеге Ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, Ош ОИИБнын башчысы Малик Нурдинов, бөлүмдүн жетекчилери жана өздүк курам катышты.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, 2019-жылы Ош  облусунун аймагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 8613 маалымат катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 454кө аз.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2019-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызмат өтөгөндөргө “Борбордук аппараттын мыкты бөлүм башчысы”, “ Борбордук аппараттын мыкты бөлүмү” , “Мыкты спортчусу”, “Кесиби боюнча мыктысы” наамдары ыйгарылып, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ал эми Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мыкты бөлүмү катары Араван районунун ички иштер бөлүмү табылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген