Ош облустук чек ара кызматына 51 жыл

Чек ара кызматынын Ош облустук башкармалыгынын түптөлгөнүнө туура 51 жыл толду. Бул күндүн урматына чек арачыларга мекен чегин  бекем  коргоп жаткандары үчүн ыраазылыктар айтылды. Ошондой эле кызматы учурунда өзгөчөлөнгөндөргө аскердик чиндер тапшырылды.

1927-жылы Ош облусу боюнча Эркештам жана Сары -Таш заствалары түзүлүп, кытай мамлекетине жакын тилкелер көзөмөлдөнүп баштаган. Андан соң 1967-жылы Ош чек ара отряды түптөлдү. Ошентип, чек арачылар Кытай менен кошо Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш аймактарды кайтарууга жетишкен. Ал үчүн атайын заствалар курулуп, пайдаланууга берилген.

Айрыкча  чек ара тилкелерин кайтарууга адистерди инженердик каражаттар менен камсыздоо жакшы жолго коюлду. Маселен, мина издөөчү, чек арада кооптуу абал жаралса тезинен кабарлоочу техникалардын жаңы түрлөрү келтирилген. Бул заманбап каражаттар колдонууга жеңил болуп, коопсуздукту сактоого кепилдик жогорулоодо дешет адистер.Эң башкысы, чек арачылардын ден- соолугуна зыян келтирбеген кийимдердин түрлөрү бар.

Акыркы 2 жылда такталбаган чек ара тилкелерин бир тараптуу чечүү боюнча адистер коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алсак, Өзбекстан мамлекети менен бүгүнкү күндө талаш аймактардын 86%ы такталып бүттү. Ал эми чек аралаш элдер ортосундагы  чыр-чатактарды болтурбоо үчүн биргелешкен иштер аткарылып жатат.

Аскер кызматкерлери чек араны бекем коргоо үчүн  жума сайын окуулардан өтүп турушат. Себеби  мынтип тажрыйбаны арттыруу менен элдин коопсуздугун коргоого ишеним жогорулайт.

Сюжет: Нуржамал Баргыбаева Арген Калыбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген