Ош: Ноокатта жер титиреди

Бүгүн, 7-февралда Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 06:14 чамасында катталып, Ноокат районунун Керкидан, Найман айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген