Ош: Ноокатта массалык мушташ чыкты. Видео

Социалдык тармактарда Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылындагы топ жарандардын мушташкан видеосу тарады. Бул маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы дагы тастыктады.

Маалыматка ылайык, аталган окуя 10-декабрда болгон. Мушташ Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү эки айылдын тургундарынын ортосунда болгон. Алар футбол ойноп, ортодо пикир келишпестиктер пайда болгон. Анын кесепетинен массалык мушташ чыгып, төрт жаран ооруканага түшкөн.

“Эки айылдын балдары футбол ойноп,  чырдаша кетишип, бирөөсүн уруп койгон.Экинчи күнү маселесин чечүү үчүн балдар ал жерге барышкан. Балдар барган учурда ал жердин тургундары улак ойноп жатышыптыр. Ошондуктан улак ойногондор дагы мушташка кошулуп кетишкен. Жыйынтыгында массалык мушташ чыккан”,- деп билдирди Жеңиш Аширбаев.

Бул окуя боюнча жалпысынан 5 арыз түшкөн. Арыз ээлери автоунаасына материалдык зыян келтиргендиги жана денесине жарат алгандыгы боюнча кайрылышкан. Чырдашкан тараптар баары бир улуттун өкүлдөрү.

Учурда бул факты боюнча Ноокат райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген