Ош: Ноокатта катуу сел жүрүп, чарбалык жолдор жабылды

 2019-жылдын 5-июнь күнү саат 17:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ош облусунун Ноокат районунда сел жүрүп, турак үйлөрдү каптаган.

Дөң-Кыштак айылынын Тескей тилкесинде 14 турак үйдүн короолорун сел каптап, Найман каналынын 15 метр аралыгы сел калдыктарына толгон. Мындан сырткары, Фрунзе айылында жайгашкан 9 турак үйдүн короолорун сел каптап, 5 турак үйдүн жер төлөөсүнө жана айыл аймактын имаратынын жер төлөөсүнө сел суулары кирген.

Ал гана эмес, 4-июнь күнү саат 18:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Үч-Бай айылында 2 турак үйдүн короосун жана Ак-Чабу айылында ички чарбалык унаа жолдун 500 метр аралыгын каптаган.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген