Ош-Ноокат-Исфана унаа жолун Япониянын JICA компаниясы курат

Күзүндө Ош-Ноокат-Исфана унаа жолунун курулушу башталат. Жолду жана башка көпүрөлөр сыяктуу объектилерди
Япониянын JICA компаниясы курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жолдун абалын эске алып, кыргыз бийлиги курулуш иштерин тез арада баштоого аракет кылат.

“Бул обьект үлгүлүү обьекттердин бири болот деп айта алам”, – деп баса белгиледи Марипов.

Белгиленгендей, эл аралык Ош – Ноокат – Исфана жолунун узундугу 47 чакырымды түзөт. Жол 1971-жылы курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70% ы жараксыз абалга келген.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле убактылуу Чили-Сай көпүрөсү жөнүндө айтты. Көпүрөнүн устундардын биринде жарака пайда болуп, жараксыз абалга келген.

«Ошондуктан ушул жылдын апрель айында көпүрөдөн өтүү токтотулган. Эми аны эл айланып өтүшү керек. Көпүрө бекем, бирок убактылуу. Ушул жуманын аягына чейин пайдаланууга берилет », – деди ал.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.