Ош: Мыйзамдуу жерге салынып жаткан курулушка жашоочулар эмне үчүн нааразы?

Ош шаарындагы Гапар Айтиев көчөсүндө курулуп жаткан тамактануучу жай шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты. Алардын айтымында, жерди алган ишкер өз билемдик менен эс алуу жайын куруп жатат.

Аталган жайды көпчүлүк Ош-Маркет дүкөнүнүн аймагы катары тааныйт. Гапар Айтиев-11 дарагиндеги көп кабаттуу үйдүн тургундары мындагы курулушка каршы болушууда.

“Бул курулуш бизге тоскоол болот, түнү менен ызы- чуу жаратышы толук мүмкүн. Жаш балдарыбыз, карыган кемпир- чалдар бар”,- дейт шаар тургуну Салтанат Назаркулова.

Шаардын дагы бир жашоочусу Людмила Науминка бул жайдагы болуп жаткан ишти терезесинен ар күнү карап олтурат. Айтымында курулуш өтө тез жүрүп жатат. Эгер бул жай бүтүп ишке кирсе, 85 жаштагы эненин терезеси тосулуп калганы турат.

“Көп кабаттуу үйдүн бардык тургундары бул курулушка каршыбыз. Ошондуктан, мэрияга да, прокуратурага да арыз менен кайрылганбыз”,- деди Людмила Науминка.

Ал эми Ош шаардык архитектурасы жеке ишкердин ишмердүүлүгүн мыйзамдуу деп атады. Анткени, жер 1992-жылдары жеке менчикке берилип, кызыл китеби бар.

“Нааразычылык жаратып жаткан жер мыйзам боюнча Береке ЖЧКга тиешелүү, бардык документтери бар”,- деп билдирди Ош шаардык архитектуранын маалымат катчысы Адыл Акжол уулу.

Жеке ишкер бул жайды тез жана жеңил тамактануучу жай кылууну пландап жатыптыр. Ал тургундардын тынчсыздануусуна негиз жок экенин айтат.

“Бул жерде эч кандай ызы- чуу болбойт. Эгерде кафе же ресторан болсо, анда тургундар кооптонушса болот эле, мыйзамсыз да болуп калмак”,- деди аталган жердин мыйзамдуу кожоюну Хожоакбар Рахматулло уулу.

Жашоочулардын арызын Ош шаардык мэриясы менен прокуратура азырынча карай элек. Мэриядан билдиришкендей, арыз жакынкы аралыкта каралат.

Сюжет: Марат Акимбеков, Аззьам Бузриков.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген