Ош: мугалимдер менен студенттерге өзгөчө кырдаалдардан коргонуу жолдору үйрөтүлдү

Бүгүн, 27-апрелде Ош соода-экономикалык колледжинде жарандык коргонуу иш чарасы өттү. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулган.

Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош соода-экономикалык колледжинин жаштар комитетинин төрагасы Уларбек Козукеев билдирди.

“Иш чаранын максаты-студенттер менен мугалимдерге өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жолдорун үйрөтүү”, – деди Козукеев.

Куткаруучулар өрт, сел, жер көчкү жана башка кырсыктар катталган учурда кантип сактануу керектигин, жабыркаган адамга биринчи жардам көрсөтүү эрежелерин үйрөтүштү.

Жарандык коргонуу иш чарасына аталган окуу жайдан 30 мугалим, 15 чарба кызматкери жана 250 студент катышты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген