Ош милициясы 60 жаштагы жарандын өздүгүн аныктоого жардам сурайт

15-апрель күнү саат 16:00 чамасында аты-жөнү белгисиз, азият улутундагы, жашы болжол менен 55-60 жаштагы эркек киши эс учун жоготкон абалда Өзгөн шаарындагы аймактык бейтапканасынын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн. Ал жаран жандандыруу бөлүмүндө өзүнө келе албай каза болгон.

Сурамжылоо иштерин жүргүзгөн учурда маркум Өзгөн шаарынын аймагында күнүмдүк жалданма жумуш менен алектенип, устачылык кылып жана өзүн « Айтибай» деп тааныштырып жургөндүгү аныкталган.

Бирок кайсы жердин тургуну экендиги жана аты -жөнү толук аныкталбай жатат.

Өзгөчө белгилери: дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара ак баскан, бою болжол менен 165-170 см, жүзү кара тору, көзү көгүш алдыңкы тишинде 3 даана сары металдан тиши бар. Сол жана оң көздөрүнүн үстүндө калдары бар.

Ош облустук ИИБ бул сүрөттөгү жаранды тааныган же билгендер болсо туугандарына же төмөндөгү телефондорго кабарлап коюңуздарды суранат.

Тел: (03233) 5-06-36,0777-00-29-24, 0778-48-63-58

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген