Ош: миңден ашык адам быйыл ажылыкка бара албайт

 Быйыл ажыга барчуларды каттоо январь айында башталып, 23-февралда жыйынтыкталган. Былтыркыдан өзгөчөлөнүп, мунусунда  зыяратчыларды тандоо электрондук ыкма аркылуу жүрдү.Тагыраагы, аймактык кезекке туруу үчүн банкка акча төлөнүп, документтерди талапка ылайык толтуруу менен тизме даярдалган. Эми анын негизинде зыяратчылардын алгачкылары 25-июлда Меккеге жөнөп кетишет.

5400 квотанын эң көбү Ош облусуна берилген. Нарын, Талас облустарынан ашып калган кошумча орундар менен бирге Оштон жалпы 1502 адам ажылык сапарына барат. Бирок Меккеге баруу үчүн 2548 адам документтерин тапшырган эле. Алардын арасында Турсунай Бузрикова дагы бар. 80 жашты таяп калган эне быйыл зыярат кылууну максат кылган эле. Деген менен бул жылкы тизмеге илешпей калды.

“Быйыл ажыга небере,балдарым менен кошо барып келсем деп ниет кылдым эле. Жашым дагы бир топко барып калды”, – дейт Ош облусунун тургуну  Турсунай Бузрикова .

Бузриковадан сырткары дагы минден ашуун адам быйылкы Мекке сапарына кошулбай калды. Ошентсе да үмүттөрүн үзө элек. Башка облустардан толбой калган квоталар чыгып калышы мүмкүн деп үмүт артышууда. Анын үстүнө өткөн жылдагылардай Сауд Аравиясынан кошумча орун берилет деген кептерди угуп калышкандар бар.

Облустук казыяттагылар болсо кошумча квоталар бөлүнүшү азырынча белгисиз экендигин маалымдайт. Ал эми банкка төлөнгөн акчалары ошол боюнча сакталат. Ал кийинки жылы ажылык сапардын баасына кошулат. Зыярат кылуунун быйылкы наркы 2890 АКШ долларын түзгөн.

“Эгер быйыл барбай калган адам кийинки жылы  бардам десе, акчасы банкта (алгачкы төлөм – 500 доллар) сакталат жана ал кийинки жылы сөзсүз барат. Эгер акча мага керек, кийинки жылы башынан төгүп, кайрадан кезекке турам десе, ага акчасы кайтарылат”, – дейт Ош облустук казыятынын ажылык боюнча жооптуу катчысы Акжол Бакиров.

Жыл сайын Кыргызстандан ажыга барууну каалагандардын саны артууда. Ага жараша Сауд Аравиясы дагы квоталардын санын көбөйтүп жатат. Маселен, өткөн жылы жалпы 4585 орун берилсе, бул жылы 5400 гө жетти.

Текст: Нуржамал Баргыбаева

Видео: Аъзамжон Бузуриков

Сүрөт: Спутник 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген