Ош мэриясы Баткен облусунун Исфана шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет

Министрлер кабинетинин Баткен облусунун тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу жана КРнын шаарларын айылдык облустарга жана шаарларга көзөмөлдөөнү (шефтикти) жүзөгө ашыруу боюнча буйругун аткаруунун алкагында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов жана мэриянын өкүлдөрү Исфана шаарына барышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ош шаарынын вице-мэри жана мэриянын өкүлдөрү менен Исфана шаарынын мэри Чыңгызбек Рысов, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Сапаевдер жолугушту.

Иш сапардын алкагында курулуп жаткан социалдык объектилерге баруу, коммуналдык кызматтардын иши менен таанышуу пландаштырылууда.

Исфана шаарынын инфраструктурасы менен таанышкандан кийин, Ош шаарынын мэриясы Исфана шаарын өнүктүрүү жана анын аймагындагы эң керектүү социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоо боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын иштеп чыгат. Учурда Исфана шаарында 40 миңге жакын адам жашайт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.