Ош мэри учурдагы кырдаалда жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди ВИДЕО

Ош шаарынын мэриясы учурдагы кырдаалга дыкаттык менен мамиле жасап, максималдуу түрдө медицина, укук коргоо кызматкерлерине көмөк көрсөтүп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Ош шаарындагы дарыгерлерге жалпысынан 5 тонна ун таратылган. Андан тышкары 28 автоунаа бекитилген.

Ал эми укук коргоо органдарына 5 автобус бөлүнгөн.

Мындан тышкары шаарга 2 600 тонна ун гуманитардык жардам болуп келген. Аталган жардам аз камсыз болгон 605 үй-бүлөгө жана мүмкүнчүлүгү чектелген 395 адамга таратылып берилди.

Көмөктүн экинчи этабында келүүчү 80 тонна ун чындап жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылганы турат.

“Учурда Ош шаарындагы кампаларда жана дүкөн, соода түйүндөрүндө тамак-аш азык-түлүктөрү жетиштүү. Ошондой эле алардын баалары убагында көзөмөлдөнүп жатат”, – деди калаа бшчысы Сарыбашов.

Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы убактылуу жабылат

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген