Ош: мэр шайлоо өттү, облуска ким келет?

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын башчылыгына өттү. Шаардык кеңештин 45 депутатынын 44ү колдоп мэр болуп шайланды. Ал буга чейин ээлеп турган кызматынан расмий түрдө шайлоо өткөн  үч күндөн кийин  арызын жазуусу керек. Андан соң Ош облусунун башчысы дайындалат.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө ким дайындалат. “Ынтымак”  эл арасында айтылып жаткан талапкерлердин өз пикирлерин укту.

“Коомчулукта, социалдык тармактардагы сурамжылоолордо менин атым да аталып жатканы боюнча маалыматым бар. Буга чейинки өлкөмө кылган кызматымды татыктуу  деп эсептеп дайындашса облус башчысы болуп иштеп берүүгө даярмын”,-деди  Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов.

Ал эми  Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов буларды айтты.

“Мен азыр эмгек өргүүсүндөмүн. Бул боюнча маалыматым жок. Сунуш деле болгон эмес. Мамлекеттик кызматкер болгондуктан кайсыл жумушка дайындашса иштеп берем”

Дагы бир аты аталып жаткан Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев менен байланыша алган жокпуз.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген