Ош менен Жалал-Абаддан эки окуучу АКШга акысыз билим алууга барат

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жана көзү азиз балдар Америкадан акысыз билим алганга мүмкүнчүлүк бар. Алар АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу “Access”  программасынын негизинде окуп келишсе болот. Мүмкүнчүлкө ээ болуу үчүн жаштар 3 баскычтын негизинде тандалып алынат.

“Access” проргаммасынын 2015-2017-жылдарга түзүлгөн долбоорунда Ош, Жалал-Абад облустарынан мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык абалы начар 50 бала билим алды. Бул жылдар аралыгында окуучулар англис тилин үйрөнүшүп, коомдук иштерге катышып турушту. Жыйынтыгында 2 жыл ичинде алган билими  боюнча тест тапшырышып, мугалимдер менен баарлашуу өткөн. Анын негизинде Жалал-Абаддан бир бала, Ош шаарынан Бектемир Нематилла уулу Америкага барууга жолдомо алышты. Алар эми Америкада акысыз бир жыл билим алып келишет.

“Жңүүчүлөр турак-жай менен камсыздалып, каалаган мектебинде бир жыл билим алат. Аларга кеткен каражатты АКШнын Кыргызстандагы элчилиги камсыздап турат. Калган окуучулар 2 жыл бою алган билиминин негизинде англис тили боюнча курстарды уюштурууга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле бул тилде  чет мамлекеттерге долбоор жазууга жол ачылат”,-дейт “Access” прогаммасынын 2016-2018-жылдардагы координатору Мукадас Ташиева.

Учурда программанын 2016-2018-жылдарга түзүлгөн долбоорунун алкагында окутуу жүрүп жатат. Сабакка 13 жаштан 27 жаштагылар катышса болот. Өзгөчө аз камсыз болгон балдар менен мүмкүнчүлүгү чектелгендерге басым жасалат.

Программа 90-жылдардан бери иштеп келет. Дүйнө жүзү боюнча 85 өлкөдөн 95 миң окуучу катышкан. Ал эми Кыргызстанда акыркы 2 жылдан бери программага катталып, чет жерде окууга аракет кылгандардын саны өскөн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген