Ош: мектеп окуучулары журналистика боюнча билим ала баштады

Ош жана Нарын облустарынан келген 20га жакын окуучу жарналистика багыты боюнча үч күндүк окуудан өтүштү. Алар бул аралыкта маалымат берүү, видео тартуунун жолдору боюнча маалымат алышты.

Окуучуларга мындай мүмкүнчүлүктү “Ынтымак Media Group” менен “Ага Хан” коомдук фонду түзүп берди. Аталган фонд окуучулардын чыгымдарын көтөрсө, “Ынтымак” тажрыйбалуу тренерлер аркылуу өспүрүмдөрдү окуудан өткөрүштү.

“Ынтымак медиа мектебинин” директору Асанбек Каракозуевдин айтымында, окутуунун биринчи күнү журналистиканын негиздери окутулса, калган күндөрү видео тартуу, интернет менен иштөө боюнча маалымат берилди. Акыркы күнүндө катышуучулар “Ынтымакка” келишип телерадиоберүү жөнүндө маалымат алышты. Анда текст окуу, дикторлук чеберчилик, радио алып баруунун сырлары боюнча үйрөнүштү.

Эми окуудан өткөн окуучулар өз аймактарындагы жаңылыктарды “Нарын” жана “Ынтымак” телеканалдарына жиберишсе болот. Ошол эле учурда аталган медиакомпанияларда практикалык аракеттерин улантууга мүмкүнчүлүк бар.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz