Бир кызматта 25 жыл. Оштун мектеп, бакча директорлору эмнеге сынга кабылды?

Оштогу мектеп, бала бакчалардын  директорлору кызматында 25-30 жылдап отуруп, мекемени өз менчигиндей көрүп калды. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаттары акыркы сессияда билдиришкен. Алар жергиликтүү бийликти ушул маселеге көңүл бурууга чакырышкан эле. “Ынтымак” эл өкүлдөрүнүн айткан маалыматы канчалык чындыкка дал келерин изилдеп көрүүнү чечти. Чын эле мектеп же бала бакчаны чейрек ашык кылымдан бери үзгүлтүксүз жетектеп келе жаткан директорлор да бар болуп чыкты.

Урматтуу окурмандар, биз алган расмий маалыматта так эместиктер болуп калган үчүн бул материалга 2-апрелде өзгөртүүлөр киргизилди. Тизмеде №37 “Байчечекей” бала бакчасы Бектанова Орозгулдун тушуна эски директордун стаж жылы калып кеткен үчүн “15-20 жыл” иштегендер деген тизмеден өчүрүлдү.

 

 

Бир эле мектеп же бала бакчаны 15 -20 жылдан бери жетектеп келе жаткандар:

  1. Матикеева Гүлсүн – №11 Терешкова интернаты;
  2. Болпокеева Жыргалжан – №45 Мырзаев орто мектеби;
  3. Кимсанова Феруза – №51 Ж. Баласагын орто мектеби;
  4. Эгамбердиева Мавлюда – №27 “Чабалекей” балдар бакчасы;
  5. Эгемназарова Канзада №36 “Балакай” балдар бакчасы

Кызматында 20-25 жылдан бери тургандар:

  1. Фаттахова Гульчехра – №39 Октябрдын 70 жылдык орто мектеби;
  2. Карпушкина Светлана – №20 Раззаков гимназия мектеби;
  3. Абдурахманова Мархабо – №21 Пушкин гимназия мектеби;
  4. Кудайбердиева Венера – №35 “Асан-Үсөн” балдар бакчасы;
  5. Султанова Айнагүл – №46 “Келечек” балдар бакчасы;

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы учурда пенсия курагындагы  директорлор бар экенин ырастайт. Алардын айрымдары билим берүү башкармалыгынын суранычы менен кызматын улантып келе жатат.

“Ар бир мектептин же бала бакчанын өзгөчөлүгү бар. Кээ бирлери долбоорлор менен иштешет. Долбоорду улантыш үчүн ал жетекчини кармап турууга туура келет. Андан сырткары, эгер бир директор пенсияга чыгам десе, анын ордуна татыктуу жетекчи табылгыча иштеп туруусун суранган учурлар дагы бар. Себеби ал мектептин статусу аябай жакшы болуп, деңгээли жогору болушу мүмкүн”, – деди Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Жеңиш Байзаков. 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген