Ош: Май айына чейин тротуарга жана жол боюна коюлган соода күркөлөрү алынат

Ош шаарындагы тротуарлар менен жол четиндеги соода күркөлөрү сүрдүрүл баштады. Бул үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн эки коммисиялык топ түзүлүп, иш алып барып жатышат. Май айына чейин бардык көчөлөр иретке келтирилет.

Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жыргалбек Нурдиновдун айтымында, көчөлөрдү калыбына келтирүү иштери Студенттер шаарчасынан башталды. Жалпы онго жакын күркөлөр алынды. Эми башка көчөлөр да текшерүүгө алынат.

«Биз жол четине жайгашкан күркөлөрдү алардан мурда ээлерине эскертүү беребиз. Өз ыктыяры менен алышпаса, анда барып сүрдүрүп салганга мажбур болобуз. Эгер кайра жайгаштырып алган болсо мыйзамдын негизинде сотто каралышы мүмкүн»,- деди Нурдинов.

Шаардын көчөлөрүн калыбына келтирүү үчүн рейд 19-февралда башталган. Май айында жыйынтыкталат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген