Ош: маданият кызматкерлери жарамазан айтышууда

Ош шаарында маданият кызматкерлеринен куралган топ жарамазан айтып жатышат. Алар алгач калаадагы тамактануучу жайларга баш багып, күтүүсүз тамактанып олтурган тургундарга жакшы маанай тартуулашууда.

Чогулгандардын кийинки сапары калаадагы белгилүү адамдардын үйлөрүндө болду. Ээлери айттырбай келген конокторду тамак-аш, шириндиктер менен тосуп алышып, жигиттерге ак калпак кийгизишти.

Куудул, ырчы  Жеңишбек Айтиев башында турган топ жыл сайын жарамазан айтып келишет. Быйыл ага 5 жылдын жүзү болду. Алардын белгилешинче, ата-балалардан калган жарамазанды кийинки муундарга өткөрүп берүүнү максат кылышууда.

Жарамазан айтуу Ислам дини жайылган Орто Азия өлкөлөрүндө салт болуп калыптанып калган. Аны ар бир улут өзүн маданиятына, каада салтына жараша айтып келишет. Жарамазандын  тарбиялык мааниси да чоң. “Кимдин үйүнө жарамазан айтып барса, кут келет”,-  деп илгерттен улуу муундун өкүлдөрүнөн айтылып калган сөз бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген