Ош: кырсык катталган Навои эс алуу багынын бир күндөн кийинки көрүнүшү

Сегиз адам жабыркаган Навои эс алуу багы ишмердүүлүгүн улантууда. Бүгүн, 15-майда эс алуу жайга келгендердин саны азайган жок.

Облустун ар кайсы жагынан келген тургундар балдарын ойнотушуп, өздөрү да эс алуусун улантышууда. “Ынтымак Media Group” кырсык болгон парктагы бир күндөн кийинки абалын сүрөттөр аркылуу чагылдырууга аракет жасады.

14-майда саат 17:30 чамасында Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдин бири айланып жаткан учурда кулап түшкөн.Тез жардам кызматынын маалыматына караганда, окуядан кийин 7 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үч адам ооруканага жаткырылган.

Ал эми бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев ооруканага барып, каруселден жабыр таркандардын абалынан кабар алды. Кырсыктын себептерин текшерүү үчүн Ош шаарынын мэриясында атайын комиссия түзүлдү. Эми мэрдин тапшырмасы менен шаардагы бардык парктардын, аттракциондорунун техникалык абалы, коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтөт.

Шаарда мурда мындай кырсык катталган эмес, тагыраагы аттракциондор мынтип кулаган эмес. Бул жолу кырсык болуп, шаардыктардын коопсуздугу ойлондура баштады. Анткени алардын көпчүлүгү эски. Экотехинспекциясы коопсуздук боюнча текшерүүгө аракет кылышкан, бирок каруселдерди кароо алардын функциясына кирбей турганын билдиришти.

Кырсык боюнча 15-май күнү Ош шаардык ИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Эске салсак, Навои эс алуу жай 2016-жылдан бери “Балдар келечеги” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген. Түзүлгөн келишимдин негизинде, архитектуралык курулуш, экология, санитардык эреже, өрткө каршы күрөшүү, аттракциондордун абалын көзөмөлдөө аталган ижарачыга милдеттендирилген.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген