Ош: кыргызстандык журналисттер үчүн окууга сынак жарыяланды

“Ынтымак медиамектеби” Миграция боюнча Эл аралык уюму менен биргеликте, Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосунун (USAID) каржылык колдоосунда Кыргызстандын аймагында иштеген ЖМК, пресс-кызматтардын өкүлдөрү, жана блогерлер үчүн “Журналистикалык этика жана кылмыштуулуктун курмандыктары, анын ичинен: адам сатуулардын курмандыктарын чагылдырууда сырдуулук принциптери”,-деп аталган 4 күндүк тренингге катышуучуларды кабыл алуу боюнча

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Сынактын шарттары:

-ЖМКларда же он-лайн басылмаларда кабарчы болуп кеминде 2 жыл иштеген болуш керек;

-Миграция темаларын чагылдыруу боюнча тажрыйбасынын болуусу;

-Миграция темалары боюнча жарыяланган материалдарынын шилтемелери;

-Тренингден өткөндөн кийин миграция боюнча темаларды чагылдырууга кызыктар болуусу шарт;

-Сынакка журналисттер эле эмес, пресс кызматта иштегендер жана блогерлер да катыша алышат;

-Мындан сырткары “Катышуу катын” ЖМКлардын штаттан сырткаркы кабарчылары да бере алышат.

Аймактан келүүчүлөрдүн тамак-аш, жол акы, жатаканасынын чыгымдарын уюштуруу тобу көтөрөт.

Өткөрүлө турган жери жана күнү:

2017-жылдын 16-19-май күндөрү, Ош шаарында өткөрүлөт;

Эскертүү: Семинарга катышуу катын ушул жерден көчүрүп алып11-май күнү, саат 17:00гө чейин oshmedlab@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүүсү шарт.

Семинарды медиа тренер Элима Жапарова, блогер Алия Суранова өтүшөт.

Кошумча маалыматты “Ынтымак медиа мектебинин” директору Асанбек Каракозуевден алсаңыздар болот. Байланыш телефону: 0777895798, 0557895798. Эл.почта: asanbekpazyl@gmail.com

Бул семинар USAIDдин “Адамдын укугу жана кадыр-баркы” регионалдык долбоорунун колдоосу менен өтүп жатат.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz