Ош: кичи автобус айдоочуларын ким көзөмөлдөйт?

Ош шаарындагы эл ташыган кичи автобустар жолдо жүрүү эрежелерин сактабай, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салууда. Кардар деп бири-бири менен шаардын тар көчөсүндө жарышкан айдоочуларды ким тыят? Же бул көйгөйгө бийлик көңүл буруш үчүн сөзсүз эле адам өмүрүн алган кырсык катталышы керекпи? – деп суроо салды окурман. Биздин “Фейсбуктагы” баракчабызга кат калтырган интернет колдонуучу коомдук транспорт айдоочуларынын тейлөө жана жол эрежелерине жатпаган аракеттерин тизмектеген.

“Бардык маршруттун айдоочуларынын колунан телефон түшпөйт. Алар башка каттамдагы атаандаштарына караганда көп  жүргүнчү алуу үчүн жана өз ара убакытты сактоо үчүн бири экинчиси менен тынымсыз байланышта. Айдоочу бир эле учурда телефон менен сүйлөшөт, бизден акча алат, анан дагы ар кайсы жерге токтогонго жетишет. Телефон аларды аябай алагды кылат. Балким, Ош шаардык мэриясы шоопурларга иш маалында телефон кармаганга тыюу салышы керек. Мындан сырткары баягы эле окуучуларды алышпайт, унаага ашыкча адамдарды салып кетишет, тамеки тартышат, кардар деп өз ара жарышышат”, -дейт окурман.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген