Ош: каруселдеги кырсык боюнча комиссия түзүлдү

Бүгүн, 15-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Навои эс алуу багындагы каруселден жабыр тарткандардын абалынан кабар алды. Калаа башчысы кырсыктын себептерин текшерүү үчүн комиссия түзүлүп, окуя көзөмөлгө алына турганын белгиледи.

Ошондой эле мындан ары шаардагы бардык эс алуу жайлары жана андагы аттракциондордун техникалык абалы менен коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтө турганын кошумчалады.

Эске салсак, 14-майда саат 17:30 чамасында Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында жайгашкан каруселдердин бири айланып жаткан убакта кулап түшкөн. Тез жардам кызматынын маалыматына караганда, окуядан кийин 7 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, үч адам ооруканага жаткырылган.

Навои атындагы эс алуу жай 2016-жылдан бери “Балдар келечеги” жоопкерчилиги чектелген коомуна ижарага берилген. Түзүлгөн келишимдин негизинде , архитектуралык курулуш, экология, санитардык эреже, өрткө каршы күрөшүү, аттракциондордун абалын көзөмөлдөө аталган ижарачыга милдеттендирилген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген