Ош: Кара-Суунун эки тургуну президентке кайрылуу үчүн Бишкекке жөө кетишти. Видео

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары айыл өкмөт башчысына нааразычылыгын билдирип Бишкекке жөө жөнөштү. Алар өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жолугууну көздөп жатышат.  

Алардын айтымында, Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы  жер тилкесин  колунда бар жарандарга гана сатып, карапайым эл көп жылдан бери турак жай салууга жер ала албай жүрөт.

Аталган айыл өкмөттүн тургундары буга чейин райондук сотко да кайрылышкан. Бирок, талаптары аткарылбагандыктан нааразычылыктарын билдирүүнү улантышууда. Бүгүн алар Бишкек шаарына жөө жөнөп кетишти.

Видео: Бексултан Абиев

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген