Ош: Кара-Сууда өрттүн кесепетинен 14 млн сом чыгым келтирилди

Жыл башынан бери Кара-Суу районунда 87 өрт кырсыгы катталып, келтирилген чыгым 13,834,938 сомду түздү. Бул тууралуу “Ынтымакка” КАра-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн кабарлашты.

Былтыркы жылы 123 өрт кырсыгы катталып, 21,629,760 сомдук чыгым болгон.

“Бул жылкы көрсөткүч боюнча  800миң сом материалдык чыгымга азайган. Бул да болос өз убагында алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринин тынымсыз жүргүзүлгөндүгүнөн кабар берет”,- деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, аталган райондо өрт коопсуздугун сактоого багытталган рейдтер ар ай сайын өткөрүлүп турат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген