Ош: Кара-Сууда айылдашын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

Кара-Сууда айылдашын өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 22-январь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө саат 11:15 чамасында аталган райондун Сүрөттүү-Таш айылынын 45 жаштагы А.О аттуу тургунунун жансыз денеси өзүнүн үйүндө табылгандыгы боюнча кабар түшкөн.

Кара-Суу РИИБнын ыкчам-тергөө тобу маркумдун денесине кароо жүргүзгөн учурда анын адам колдуу болгондугу белгилүү болгон. Соттук-медициналык экспертизада маркум катуу соккудан улам боору жарылып кеткендиги аныкталган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүүнү тактап кармоо боюнча тез арада ыкчам иш-чараларды жүргүзө башташкан. Кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 46 жаштагы А.Б аттуу жашоочусу кармалган. Учурда кармалган жаран Жазык Кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен Кара-Суу РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери улантылууда.

Алгачкы иликтөө учурунда маркум менен кылмышка шектүү автоунаанын документи тууралуу сөз талашып мушташып кеткендиги аныкталган. Шектүү маркумду боор тарапка катуу тээп жиберген.

Каза болгон жаран 2014-жылдын күз айларынан бери жалгыз жашап келген.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.