Ош: Кара-Кулжадагы мушташтын чоо-жайын сабалган депутат айтып берди. Видео

Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Уларбий Байгожоев азыр ооруканада дарыланып жатат. Ак халатчандар баш мээсинен жаракат алганын аныкташкан. Депутаттын айтымында, 29-август күнү аны айыл өкмөтүнүн башчысы жайлоодон келе жатканда мылтык менен келип коркутууга алган. Эми бул жагдай Ош шаардык сотунда каралат. Учурда окуя коомчулукту дүрбөтүп, элге үлгү болчу өкүлдөрдүн терс кадамдары талкууда калды. Талдоочулар мансаптуу кызматка билими тайкы, колдоочулары бар адамдар келиши менен мынтип өздөрүн уяткарып жатканына тынчсызданышат.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген