Ош: Кара-Кулжада 80 жаштагы энеге кайрымдуу адамдар үй куруп берди. Видео

Жашы 80ге чамалап  калган Райкан эне  Кара-Кулжа районунун Биймырза айылынын тургуну. 3 кыз 2 уулду тарбиялап, азыркы учурда небере чеберелери менен жашап келет. Ал эми уул балдарынын турмуштан жолу болбогондуктан жашоодон бир топ кыйналышкан. Жада калса үйлөрүн авариялык абалда деп бүтүм чыгарганына карабай  оңдогонго да шарты болгон эмес. Мынтип кыш алдында жаңы үйдүн бүтүшү алар үчүн  чон белек болду. Үйдү  куруу иштери 4 айга созулган. Жаны конушта  жалан гана жакшылыктар болсун деген ниет менен, Райкан эне жакында небере уулунун тоюн  ушул уйдо өткөрүүнү пландап жатканын айтат. Буга чейин авариялык абалдагы үйдө жашаган оор күндөрү артта калды.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген