Ош: каналдан эки адамдын жансыз денеси табылды

Ошто каналдан эки адамдын жансыз денеси табылды. Бири Ош шаарындагы Увам каналынан, экинчиси Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналынан табылды.

Эки адамдын жансыз денесин куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, акыркы алты жылда Кыргызстанда 500дөн ашык адам сууга чөгүп каза тапты. Өлкөдө жылына орточо эсеп менен 80 адам сууга чөгүп каза тапса, анын теңинен көбүн эркек кишилер түзөт. Анткени алар мас абалында чөмүлүп, өзүн башкаруу жөндөмдүүлүгүн жоготуп коюшат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.