Ош: көп кабаттуу үйлөрдүн короолорун жарыктандырууга 30 млн сом бөлүндү

Ош шаарындагы 680 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору жарыктандырылат. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп, аткаруу иштери Капиталдык курулуш башкармалыгына жүктөлдү. Жумуштар эки ай ичинде аткарылып, бардык үйлөрдүн алдына жарык коюлат.

Жарыктарды орнотуу иштери алгачкылардан болуп калаадагы Кулатов кичи районундагы үйлөрдө жүрүп жатат. Акырындык менен калаадагы бардык үйлөр түнкү чырактар менен камсыздалат.  Бул шаар тургундарынын коопсуздугун алдын алып, түнкү кылмыштарга бөгөт койот.

Түнкү чырактар иштен чыкса “Шаарсвет” Ош электр жарык тармактар ишканасы өз  эсебинен оңдоп берип турат. Каала бийлиги бул долбоор аяктаган соң, көп кабаттуу үйлөрдүн алдын асфальттоо боюнча жумушту баштайт. Андан ары видео камералар орнотулат.

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген